Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде башында турган делегациясы менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Дүйнөлүк банк тобу менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Беш жылдык алкактык өнөктөштүк программасын иштеп чыгуу маселелери, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун башка маселелери талкууланды.
Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экенин билдирди жана Беш жылдык алкактык өнөктөштүк программасын сапаттуу иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров документте агроөнөр жай комплекси, туризм, жеке секторду колдоо, транспорт жана энергетика, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары долбоорлору сыяктуу кызматташтыктын багыттарына басым жасалышы керектигин белгиледи.