Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров экономика тармактары менен калкты 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча кеңешме өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө Минкаб башчысы Энергетика министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраевди тааныштырып, министрликтин алдында бир катар маанилүү милдеттер турганын белгиледи.
“Үстүбүздөгү жылы энергетика тармагын өнүктүрүүгө рекорддук 12 млрд сом бөлүндү, башталган реформалар аягына чыгышы керек" - деди Акылбек Жапаров.
Андан соң энергетикалык компаниялардын 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин башчысы борбор калаанын ЖЭБине барды. Объектини кароонун жүрүшүндө белгиленгендей, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планынын алкагында бекитилген бардык жумуштар толук көлөмдө жана өз мөөнөтүндө аткарылып, анын ичинде көмүрдүн белгиленген көлөмү менен камсыздоо, жабдуулардын кышында мүмкүн болгон жүктөмдөргө талаптагыдай даярдыгын камсыз кылуу иштери жүргүзүлүүдө.
Бишкек шаарындагы ЖЭБдин иши менен таанышуу учурунда Министрлер Кабинетинин башчысы ишкананын аймагында жайгашкан металл калдыктарына көңүл бурду.