Жаңылыктар
Президент Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда

Президент Садыр Жапаров Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев фейсбуктагы баракчасына жазды. 

Анда жазылгандай, жолугушууда жергиликтүү калкка кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесиндеги чек ара, ошондой эле "Кемпир-Абад" суу сактагычынын маселелери боюнча кеңири маалымат берилүүдө. 

Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар тарабынан берилген суроолорго жооптор берилүүдө. Жолугушууга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда. 

Мамлекет башчысы менен жолугушууга жергиликтүү тургундар киргизилбей жатат делип тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бардык каалоочулар этап-этабы менен жыйындар залына киргизилүүдө - деп жазды Султанбаев.