Жаңылыктар
Жээнбек Кулубаев ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Засьты кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Жээнбек Кулубаев ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Засьты кабыл алды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысы Станислав Засьты кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, заманбап чакырыктарды жана коркунучтарды эске алуу менен ЖККУнун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, Тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин, Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйынына жана ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына даярдык көрүү маселелери талкууланды. 

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалга токтолуп, сентябрь айындагы тажик тараптын мыйзамсыз аракеттери эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге каршы келген агрессивдүү жана туруксуздукка алып келген акция экенин белгиледи.

Кулубаев Кыргызстан эки өлкө ортосундагы бардык маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү зарыл деген өзгөрүүсүз позицияны кармана турганын жана ушунун аркасында кырдаалды турукташтырууга негиз түзгөн макулдашууларга жетишүүгө мүмкүн болгонун баса белгиледи.

ЖККУнун учурдагы механизмдерин мүмкүн болушунча тез арада ишке киргизүү зарылдыгын белгиледи.