Жаңылыктар
Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү көп жыйналды
Кыргызстан жаңылыктары
Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү көп жыйналды

Тогуз айда 148 млрд 125 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды. 

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 44,3 млрд сомго көп. Анын ичинде 111 млрд 755,4 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 236,8 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 35 млрд 906,6 млн сомго көп жыйналган. Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 36 млрд 369,6 млн сомду түздү. План 1 млрд 29,6 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 млрд 443,4 млн сомго көп жыйналды.