Мамлекеттик салык кызматы турак жайды ижарага бергендер салык төлөшү керек экенин эскертүүдө.
Мекеме жарандардарды мындай жол менен каражат таап жаткандар тууралуу маалымат берүүгө чакырды. Ошол эле учурда Салык кызматы ижаранын баасын жөнгө салууга укуктуу эмес экенин билдирүүдө.
Соңку аптада Россиядан келген жарандардын саны көп болгондуктан, турак-жайга муктаждык жогорулап, ижара акысынын көлөмү кыйла өстү.