Жалал-Абад облусунда 27 мектеп республикалык бюджеттен каржыланып, курулуш жумуштары уланууда. Жыл соңуна чейин 5 мектепти пайдаланууга берүү пландалган. Республикалык бюджеттен капиталдык салымдар беренеси аркылуу бөлүнгөн каражаттын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу көп. Каржылоосу бир топ жылдан бери солгун болгон мектептерде быйыл иш жанданды.