1-октябрга карата Кыргызстанда пенсионерлердин саны 735 миң адамдан ашуун. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга ылайык, пенсиялар Социалдык фонддун бюджетинде каралган каражаттардын алкагында жыл сайын индексацияланат. "Пенсионерлердин турмуш деңгээлин колдоо максатында 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго чейин, ал эми пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 15%га жогорулады.
Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы боюнча жалпы пенсиянын орточо өлчөмү 8080 сомду түздү, бул жыл башындагы пенсиянын өлчөмүнөн 33%га же 1988 сомго жогору. Белгиленгендей, пенсионерлердин пенсиясын индексациялоого 4 млн 424 миң 300 сом, анын ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүнө 3 млн сом, Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнө 1 жарым млн сомдой кошумча керектелет.