Батирди же үйдү ижарага берген жеке жактар Кыргызстандын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөгө тийиш. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады. Ведомстводон белгилешкендей, кыймылсыз мүлк ээси салык төлөө режимин өз алдынча тандайт. Салыктарды патенттин, бирдиктүү салыктын же жалпы салык режиминин негизинде төлөөгө болот.
Ушуга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы мүлктү ижарага берген жарандарды өздөрүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга жана тиешелүү салыктарды төлөөгө чакырат.
Ошондой эле бардык жарандарды салыкты төлөбөй турак жайды ижарага бергендер тууралуу фактыларды аймактык салык органдарына билдирүүгө чакырат. Салыкты төлөбөгөндүгү аныкталган учурда жеке жакка карата мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.
Ушул жылдын 8 айында батирди же үйдү ижарага бергендер патенттин негизинде 34 млн сомго чукул салык төлөшкөн. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 млн сомго көп.
Салык кызматы турак жай ижарасына карата бааларды жөнгө салууга ыйгарым укугу жок экендигин маалымат катары билдирет.