Бишкекте жылуулук берүү нормаларга ылайык жүргүзүлөт. Бул туурасында шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, жылуулук 5 күн катары менен абанын орточо температурасы +8 ℃ төмөндөгөндө бериле баштайт. Бүгүн, 3-октябрь үчүнчү гана күн", - деп айтылат маалыматта. Белгиленгендей, объектилерди жылуулукка кошуу бир нече күнгө созулат. Алгач бала бакчалар, ооруканалар, төрөт үйлөр жана социалдык коргоо мекемелери, андан кийин турак жайлар, жылуулук энергиясына карызы жок өндүрүш ишканалары жана мекемелери жана башка объектилер жылуулук менен камсыздалат. Бишкек шаардык мэриясы шаардыктарды терезе, эшиктерди жылуулап, отун, көмүр камдап алууга чакырат.