Жаңылыктар
Социалдык колдоолор уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Социалдык колдоолор уланууда

Карысы бардын ырысы бер дейт кыргызда. Кечээ күнү 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнү белгиленди. 

Кадырман ата-апаларды кубанткан дагы бир жагдай жакында алар көбөйтүлгөн пенсияларын алышат. Көбөйтүлгөн дегенде пенсияга жыл сайын эле кошулуп келген. Бирок 200 сом сом, 300 сомдун эле айланасында болгон. 

Ал эми бул ирет сезилерлик кошулуп отурат. Министрлер Кабинети пенсия өлчөмүн 2022-жылдын 1-октябрынан тартып, 1700дөн 3400 сомго чейин көтөрүү чечимин кабыл алды.