Жаңылыктар
Кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Манаслу чокусун багындырышты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Манаслу чокусун багындырышты

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Манаслу чокусунан тартылган сүрөттөрүн жарыялады.

«Гималайдагы биринчи кыргыз экспедициясы ийгиликтүү ишке ашты! Экспедициянын алты мүчөсү тең Манаслуга — 8 миң 163 метрге татаал аба ырайынын шарттарында чыгышты», — деп жазган ал.

Кыргызстандык альпинисттер тобу Гималайга биринчи улуттук экспедиция болуп саналган жана деңиз деңгээлинен 8156 метр бийиктиктеги ушул эле аталыштагы чокуга чыгууну камтыган “Манаслу” долбоорун ишке киргизген.

Ошондой эле экспедиция мүчөлөрү чокуга “Манас” эпосунун үч килограммдык көлөмдөгү китебин жана Кыргызстандын желегин алып чыгууну пландашкан.

«Гималайдын Манаслу чокусунда-8163 метр бийиктикте тарыхыбызда биринчи жолу кыргыз желеги менен Манас китеби ийгиликтүү көтөрүлдү» , — деп жазды альпинист Илим Карыпбеков.