Жаңылыктар
Ош облусунун күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча штабдын жыйыны болду
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунун күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча штабдын жыйыны болду

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун жетекчилиги астында өткөн иш чарага райондук мамлекеттик администрация башчылары, Ош электр тармактар ишканасынын жетекчилиги жана тиешелүү кызмат өкүлдөрү катышты. 

Жыйында Ош облусундагы кышка даярдык боюнча аткарылып жаткан жумуштар, медициналык жана билим берүү мекемелеринин даярдыгы, электр тармагындагы аткарылуучу иштер жана пландар талкууланды. Ош облусунда тиешелүү кызматтардын аткарып жаткан иштери тууралуу маалыматтар айтылды. 

20-октябрга чейин Ош облусундагы медициналык жана билим берүү мекемелерин көмүр менен камсыз кылуу, октябрь айынын аягына чейин электр тармагындагы жумуштарды аткаруу боюнча тапшырмалар берилди. 

Мындан сырткары, Ош облусунун аймагында арзан баада көмүр сатуучу социалдык көмүр базалар ачылаары белгилүү болду.