Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Баткен облусунда. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан жабыркаган айылдардын тургундары менен жолугуп, талкаланган социалдык объектилерди көрүп чыкты. Учурда жарактан чыккан жайларды тактоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.