Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында Баткен жана Лейлек райондорунан, Чоң-Алай районунун Карамык айылынан эвакуацияланган жарандарга медициналык жардам акысыз көрсөтүлүүдө. Мындан тышкары эвакуация болгондор милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен дары-дармектерди жеңилдетилген негизде сатып ала алышат.
Президенттин “Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча чаралардын комплекси кабыл алынган.