Түркиянын Бурса шаарында 21-сентябрда башталган “Манас жумалыгы” жыйынтыкталды.
Иш-чара жергиликтүү бийлик, ТҮРКСОЙ уюму жана Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулган. Анын жыйынтыгы менен Манасты үн чыгарып эң узак убакытка айтуу боюнча дүйнөлүк рекорд жаңылангандыгын, ушул тапта Бурса шаарында жүргөн Алатоо 24 каналынын чыгармачыл тобу жеринен кабарлашты.