Жаңылыктар
Билим берүү жана илим министри кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Билим берүү жана илим министри кармалды

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. 

"Чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларга кабыл алууда 110 миң доллар өлчөмүндө пара алуу фактысы боюнча кармалып, учурда иш иликтенүүдө", - деп айтылат маалыматта. 

ИИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча бардык толук маалыматтар берилет.