Бүгүн, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 млрд 596 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 258 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 176 куб метрге жетүүдө.