Түркияга жаш кызды кулчулукка сатты делген аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Түркияга жумушка орноштуруу шылтоосу менен жаш кызды жиберген аял тууралуу маалымат түшкөн. Кийин чет өлкөгө чыккан кыз адам сатуунун курмандыгы болуп, сексуалдык эксплуатацияга дуушар болгону такталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адамдарды соодалоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам тергөө иш-чараларлын жүрүшүндө шектүү катары 31 жаштагы аял кармалган. Анын чет өлкөгө адамдарды кулчулукка сатуу аракетине бөгөт коюлду.
Соттун чечими менен кармалган жаранга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.