Жаңылыктар
Ордо калаадагы №76 мектеп толук оңдолуп, ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ордо калаадагы №76 мектеп толук оңдолуп, ачылды

Ордо калаадагы №76 мектеп капиталдык оңдоодон кийин ачылды. Имарат 360 окуучуга ылайыкталган. Билим берүү мекемеси 1952-жылы курулган. 

Ошондон бери реконструкцияланган эмес. 2018-жылы пайдаланууга жараксыз деген бүтүм чыгарылган. Быйыл Президенттин тапшырмасы менен толук оңдолуп, структуралары бекемделди. 

Мектептин ичинде ашкана, кампа, спорт зал, чечинүүчү бөлмө, техникалык бөлмө, жуунуучу бөлмө, лаборатория бар. 17 окуу классы, спорт зал камтылган. Эмеректер толук жаңыланып, билим берүүгө ылайыктуу жаңы заманбап жабдуулар коюлду. 

Расмий ачылышына Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров катышып, билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулаарын, мугалимдер милдеттерин татыктуу аткарышы керек экендигин белгиледи.