Жаңылыктар
Бишкекке жаңы автобустар алынып келет
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекке жаңы автобустар алынып келет

Бишкекке жаңы электробустар алынып келет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди. 

Айтымында, Европа өнүктүрүү банкынын долбоору боюнча 250 чоң автобус сатылып алынат, анын ичинен 140ы 10 жарым метрлик, 110у 12 метрлик болот. 

“140 автобусту сатып алуу боюнча макулдашууга кол коюлган жана 2023-жылдын башынан тартып алар борбор калаага келе баштайт. Азия өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча 120 автобус сатып алуу пландалууда. Тендер өтүп, келишимге кол коюга даярданып жатабыз”,- деди ал. 

Нусувалиев белгилегендей, биринчи жолу жергиликтүү бюджеттен коомдук транспортту сатып алууга 1 млрд сом бөлүндү, бул каражатка 130 заманбап автобустар алынат.