Сентябрь айында Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлерине ишкердик кылган жаранды кылмыштуу топтун мүчөлөрү унаа менен сүзүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Иликтөөнүн жүрүшүндө өздөрүн кылмыштуу топтун өкүлдөрү катары тааныштырган адамдар Аламүдүн районунун тургунуна психологиялык кысым көрсөтүү менен 50 миң доллар каражатын опузалап талап кылып жүрүшкөнү аныкталган.
Мындан тышкары, алар ишкердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле бизнестеги ишмердүүлүгүнө зыян келтире тургандарын айтып, коркутушкан.
Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Жогорудагы кылмышка шектүү адамдарды аныктоо жана кармоо максатында комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп баштаган.
Жыйынтыгында 200 миң сом алып жаткан жеринен эки киши кармалды. Алардын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилүүдө.