Иш-чара мектеп окуучуларынын арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу, аярлуу балдар менен жаштар арасында ар кандай жугуштуу оорулардын пайда болушунун себептерин жана кесепеттерин түшүнүүнү жакшыртуу, өз убагында жардам көрсөтүү максатында уюштурулду.
Тренингдин жүрүшүндө Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева зомбулук фактыларына өз убагында чара көрүү жана алардын алдын алуу үчүн мектептерде социалдык педагогдорду, психологдорду даярдоо маанилүү экенин белгиледи.
Айтымында, учурда Президенттин Администрациясы өлкөдө зордук-зомбулукту жоюу боюнча бардык чараларды көрүп, колдоо көрсөтүп жатат.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар жабыркоонун өнүгүшү жана кесепеттери, травмалык ооруулардын динамикасы тууралуу маанилүү маалыматтарды алышты, мындан тышкары балдар жана жаштар менен иштөөдө психологиялык травмаларды жана анын түрлөрүн таанууну үйрөнүштү.