Бишкекте Россиянын аймагынан уурдалган кымбат баалуу унаалар табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгына ыкчам маалымат келип түшкөн, анда Кыргызстан, Беларусь жана Тажикстандын уюшкан топ адамдары Россиянын аймагынан уурдалган кымбат баалуу унааларды сатуу максатында айдап кетип жатканы билдирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Транспорт каражатынын идентификациялык номеринин жасалмасын жасоо, жок кылуу" беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Тергөө ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун аймагынан 2020-жылы өндүрүштөн чыгарылган "Тойота RAV4" үлгүсүндөгү кыргыз номурлуу унаа кармалды.
Ошондой эле алынган ыкчам маалыматтардын негизинде, Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде ыкчам тинтүү жүргүзүлүп, ал жактан 2021-жылы өндүрүштөн чыгарылган "Хундай Санта-Фе" үлгүсүндөгү орус номурлуу эки унаа табылып, алынган.
Белгиленгендей, учурда Россиянын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте ушул сыяктуу фактыларды аныктоо үчүн зарыл болгон ыкчам-издөө жана комплекстүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.