Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы баанын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында Бишкек шаарындагы жана аймактардагы май куюучу жайларда күйүүчү майлоочу майларга болгон бааларга жума сайын мониторинг жүргүзүүдө.
Кызмат тарабынан нефтетрейдерлер менен жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иш-чаралардын алкагында күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын төмөндөө тенденциясы байкалууда.
Бүгүнкү күндө 30-августка салыштырмалуу күйүүчү майдын баасы литрине 1 сомго чейин төмөндөдү.