Чек ара окуясында кыйраган үйлөрдүн ордуна дубалы кыштан, шыбы монолиттен болгон жаңы турак жайлар курулат. Учурда талкаланган үйлөрдүн ордун тазалоо башталды. Аянты 114 чарчы метр келген үйлөр жаңы жылга чейин пайдаланууга берилет. Алар мамлекеттин эсебинен салынат.