Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү. Маалыматка ылайык, массалык ишембилик “Таза мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында жана шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругунун негизинде калаа аймагын иретке келтирүү, санитардык абалын жакшыртуу максатында уюштурулду.
Ишембиликке менчигинин түрүнө карабай шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, студенттер катышты.
Ишембиликтин жүрүшүндө эс алуу жайлары, шаар көчөлөрү, мекеме-ишканалардын айланасы жана турак жайлардын короолору тазаланды.
Белгилей кетсек, Президенттин "Таза мурас" акциясынын жана шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун 1-сентябрдан 1-декабрга чейин шаарды таштандыдан арылтуу, көрккө келтирүү максатында жарыялаган үч айлыгынын алкагында шаарда ар апта сайын ишембилик өтүп турат.