Жаңылыктар
Баткендиктерге кеңеш берүү үчүн 4 пункт ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткендиктерге кеңеш берүү үчүн 4 пункт ачылды

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, республикалык штабдын ишинин аякташына байланыштуу борбордо Баткен районунун тургундары үчүн 4 пункт ачылды. 

Эгер кандайдыр бир суроолор жаралса Баткен тургундары аталган пункттарга кайрыла алат. Пункттар шаардын төрт районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында ачылды. 

Белгилей кетсек, борбор калаанын мэриясы республикалык штабды материалдык-техникалык жактан камсыздап, Бишкек шаарынын мэриясынын жана муниципалдык администрациялардын жооптуу кызматкерлери тарабынан келип түшкөн гуманитардык жардамды кабыл алуу, каттоо жана жөнөтүү боюнча күнү-түнү нөөмөт уюштурган.