Калктын кайрылууларын ыкчам кароо максатында Улуттук банктын WhatsApp каналы иштейт. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Жарандар 0501 89 00 00 номери аркылуу финансы-кредит уюмдарынын ишине тиешелүү бардык маселелер боюнча кайрыла алат.
WhatsАpp-каналга жазганда жарандын аты-жөнү, кайрылуунун мазмуну, ошондой эле зарыл болгон учурда керектөөчүнүн далилдерин тастыктоо үчүн тиркелген документтер көрсөтүлүүгө тийиш. Адепсиз сөздөрдү камтыган кайрылуулар каралбайт.
Билдирүүлөр жумуш күндөрү саат 08:30дан 18:00гө чейин кабыл алынат. Дем алыш күндөрү жөнөтсө иш күнү башталгандан кийин каралат.
Мындан сырткары, Улуттук банк телефон аркылуу ыкчам маалымат алуу үчүн кабылдамага жана финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелери боюнча бөлүмгө кайрылса болорун эскертти.