"Кызыл-Бел-автожол" өткөрүү пунктунда Кыргызстан менен Тажикстандын компетенттүү органдарынын, Баткен облусунун жана Согди облусунун башчыларынын, тараптардын чек ара кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстан УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов чек ара аймактардагы кырдаалды турукташтыруу боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын делегацияларынын жолугушуусунун протоколуна кол коюшту.
Тараптар "Тамдык", "Бедак" заставаларынын, "Булак-Башы", "Кех", "Катта-Туз", "Каракчикум" , Чайхан жериндеги "Ак-Сай" жана Ходжай-Аъло жериндеги "Шаршара" постторунун аймактарында чек араны коргоонун ар кандай түзүмдүк бөлүктөрүн алып салууну, мындан ары жайгаштырбоону макулдашты.
Аталган бөлүктөрдүн имараттары жана курулмалары консервацияланат. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кайтаруу мобилдик чек ара күзөттөрү тарабынан ишке ашырылат, алар чек араны так белгиленген жана макулдашылган каттамдар боюнча жүрүшөт.
Мындан тышкары, тараптар жаңжалдуу кырдаалдар көп болуп турган участокторго видеобайкоо камераларын орнотууну паритеттик негизде макулдашышты.
Мында жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары тарабынан мурда колдонулган Тамдык, Бедак, Булак-Башы жана Кех жер участокторунда айыл чарба иштерин жүргүзүүнү камсыз кылышы керек.
Протоколго ылайык, биргелешкен жумушчу топтун чек ара аймактарынан аскерлерди жана оор аскердик техниканы, кошумча күчтөрдү жана каражаттарды туруктуу жайгашкан жерлерге бөлүп берүү боюнча иши улантылат.