Жаңылыктар
Тажик тараптын агрессиясынан жабыркаган медициналык мекемелер
Кыргызстан жаңылыктары
Тажик тараптын агрессиясынан жабыркаган медициналык мекемелер

Саламаттык сактоо министрлиги сентябрь айындагы кыргыз-тажик коогалаңында Баткен облусунда 6 медициналык мекеме жабыркаган. 

Анда айтылгандай, Баткен районунун Ак-Сай айылындагы ФАПтын имаратына чатырына снаряд түшүп, ички эки бөлмөсү жараксыз абалга келтирилген, терезелери толугу менен талкаланган. Имарат капиталдык оңдоого муктаж.

Баткен районунун Самаркандек жалпы дарыгерлер практикалык борборуна караштуу Капчыгай ФАПтын имараты толугу менен өрттөлгөн жана анын ичиндеги медициналык жабдуулар, катуу жана жумшак эмеректер жараксыз абалга кептелген. Имаратты кайра куруу керек. 

Ошондой эле, Баткен районунун Достук айылындагы ФАПтын имараты толугу менен өрттөлгөн, анын ичиндеги медициналык жабдуулар ошондой эле катуу жана жумшак эмеректер жараксыз абалда. Имаратты кайра куруу керек.

Ушул эле райондун Достук айылына караштуу тез жардам унаасы жабыркаган. Унаанын алды жагынан 5 жерине ок тийген, арткы айнеги талкаланган, ичиндеги медициналык шаймандары толугу менен талкаланып, тонолгон. Унаа капиталык оңдоого муктаж.

Ал эми Лейлек районунун Кулунду Жалпы дарыгерлер борборуна караштуу №20 борбордук Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын терезелери талкаланган жана ички бөлмөлөрүнүн эшиктери талкаланган, дубалдарына ок атуучу куралдан жабыркаган. Имарат кайра курууга муктаж.

Ошондой эле Лейлек районунун Кулунду Жалпы дарыгерлер борборуна Максат айылындагы ФАПтын чатырына снаряд түшүп  бөлмөлөрү жараксыз абалда. Медициналык жабдуулар жана эмеректер толугу менен жараксыз абалда. Капиталдык ондоого муктаж.