Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу кагылышуу тажик тараптын чагымчылдыгы менен башталган. Далил катары коңшу мамлекеттин 8-сентябрдан баштап жасаган аракеттерин атасак болот. Алар Тажикстандын эегемендүүлүк күнүн белгилөөдө коомдук-саясий туруктуулукту камсыздайбыз деген жүйө менен кыргызстандын аймагында жайгашкан Ворух анклавына аскер күчтөрүн тарта баштаган. Чек аранын шарттуу сызыгына жакын аймактарда курал менен ок атууга ылайыкталган чуңурларды казып башташкан.