Ордо калаадагы “Баткенге жардам” республикалык штабы өз ишин жыйынтыктады. Жалпысынан штаб тарабынан 430 тонна гуманитардык жардам топтолуп, жүк чогултууда жана жөнөтүүдө 3 миңден ашык ыктырчы тартылып, жаштар чоң күчкө жарады. Кайдыгер карабаган жарандардан келген ар бир азык-түлүк, кийим-кече Түндүк системасы менен интеграцияланган электрондук маалымат базасына киргизилди. Мындай ыкма ачык-айкындыкты камсызайт. Ошондой эле, каржылык жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке 4 миллион сомдон ашык каражат чогулган.