Чек арада болуп жаткан мындай окуялар, мындай кол салуулар бизге эмнени берди? Эмнени үйрөттү? Кандай сабак алдык деген маселе бар. Мындай каргашалар бизге эгемен мамлекет катары коопсуз жашайбыз десек, куралдуу күчтөрүбүздү чыңдашыбыз керек экенин түшүндүрдү. Азаттык калган жылдарда башыбызга келген ушундай окуялардан улам армияны күчтөндүрүү керек экенин аңдап билдик.