Жаңылыктар
Чек арада абал салыштырмалуу туруктуу
Кыргызстан жаңылыктары
Чек арада абал салыштырмалуу туруктуу

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш айылдарында 25-сентябрга карата кырдаал салыштырмалуу туруктуу экенин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, түн тынч өттү, эч кандай окуялар катталган жок.

Чек ара аймактарын жарылбай калган ок-дары, жардыргыч заттардан тазалоо жана зыянсыздандыруу уланып жатат.