Баткендин чек арадагы окуяда үй-жайын таштап чыгууга аргасыз болгон тургундарынын айрымдары үйлөрүнө кайта баштаганын 25-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Мекеме тараткан маалыматка караганда, эвакуация болгон 137 миңдей кишинин 80 миңден ашууну туруктуу жайгашкан жерлерине кайтууда. "Жалпы облус боюнча 136 миң 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 48 миң 652 адам жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 миң 414 жаран эвакуациялык пункттарда, 3 миң 895 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. 80 миң 809 жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5 миң 301 жаран башка жакка чыгарылган. Миинистрликтин маалыматы боюнча, Баткен облусуна 1 миң 435 тоннадан ашуун гуманитардык жардам жеткирилди. Анын ичинен 252 тоннаны ӨКМ жеткирсе, 1 миң 20 тоннаны жарандар өз күчү менен жеткиришкен. Учурда кампада 162 тонна гуманитардык жардам турат. Гуманитардык жардам чогултуу үчүн 126 пункт ачылган.