Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен шаарына эвакуацияланган Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушту. Анда министр, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча, министрлик аркылуу Баткен облусуна 80 тонна ун, анын ичинен 30 тоннасы Баткен шаарына бөлүнөрүн билдирди.
Кудайберген Базарбаев жыл башынан бери министрлик тарабынан облустун социалдык муктаждыктарына 1 млрд 87 млн сом бөлүнгөнүн кошумчалады. Мындан тышкары сентябрь айында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 25 млн сом бөлүнгөн.