Жаңылыктар
Айрым жергиликтүү соттор ротацияланды
Кыргызстан жаңылыктары
Айрым жергиликтүү соттор ротацияланды

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларын которуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыктын максаты кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу. Конституцияда көрсөтүлгөн берене жана Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча жергиликтүү сотторунун айрым иштеп жаткан судьялары Конституцияда каралган калган мөөнөткө судьянын ыйгарым укуктарын андан ары жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү сотторго которулат. Ага ылайык, Ош облустук сотуна Нургазы Алимкулов Баткен облустук сотунан, Чоң-Алай райондук сотуна, Ысык-Көл облусунун сотунан Айбек Бекбулатов, Ак-Суу райондук сотунан, Жалал-Абад облустук сотуна Азамат Койломбаев, Нарын облустук сотунан, Базар-Коргон райондук сотуна Рахманаали Абдрахманов, Чоң-Алай райондук сотунан, Ноокен райондук сотуна ИскендерСаргалдаков , Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунан, Токтогул райондук сотуна Мэлис Өмүралиев, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунан, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык сотуна Арстанбек Аскарбеков, Чүй облусунун Москва райондук сотунан, Баткен облустук сотуна Бактыбек Султанканов, Нарын облустук сотунан Ысык-Көл облустук сотуна Алтынбек Бердибеков, Нарын облустук сотунан Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотуна Бакытбек Нурбаев, Жумгал райондук сотунан Каракол шаардык сотуна Тарасбек Осмонов, Ноокен райондук сотунан Нарын облустук сотуна Келдибек Исажанов, Ош облустук сотунан Гульбара Кудабаева, Ысык-Көл облустук сотунан Бекмухаммет Мусурманкулов, Жалал-Абад облустук сотунан Жумгал райондук сотуна Куралбек Бектемиров, Таш-Көмүр шаардык сотунан Чүй облусунун Москва райондук сотуна Жыпар Каримова, Базар-Коргон райондук сотунан Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна Тилек Ормушев, Токтогул райондук сотунан Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна Талайбек Эралиев, Каракол шаардык сотунан которулат. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.