Ок атуудан коопсуз жайларга көчүрүлгөн элдерге тамак-аш жетиштүү. Азыркы тапта жарандар кезеги менен өз айылдарына тарай баштады. Тажиктердин ок атуусунан түйшүк тарткан Баткен районунун бир катар айылдарында тургундар үйлөрүн таштап коопсуз жайларга кетүүгө аргасыз болгон. Алар согуш болгон алгачкы эки күндү көз жаш менен эскеришет.