Жаңылыктар
"Next TV" каналынын директору сот залынан бошотулду
Кыргызстан жаңылыктары
"Next TV" каналынын директору сот залынан бошотулду

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Next TV каналынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевди күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробациялык жаза мөөнөтүн чегерген чечим чыгарды. Өкүм угузулуп, Дүйшөмбиев сот залынан бошотулду.

Соттук жараянда мамлекеттик айыптоочу аны жети жылга эркинен ажыратууну сураган жана күнөөсү далилденгенин билдирген. Дүйшөмбиевдин адвокаттары өкүмгө макул эместигин билдирип, сөзсүз апелляциялык арыз берилерин айтышкан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет быйыл 3-мартта Next TV каналына "Улуттар аралык кастыкты козутуу" менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган. Тергөөнүн пикиринде, телеканал Кыргызстан Орусияга Украина боюнча жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалымат жарыялаган.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымат таратууда этияттыкты сактоо жана стандарттарды кармануу керектигин билдирген. Дүйшөмбиев УКМКнын тергөө абагында кармалып келди.