Жаңылыктар
Садыр Жапаров: Жабыркаган үйлөр тез арада калыбына келтирилет
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров: Жабыркаган үйлөр тез арада калыбына келтирилет

Баткендеги акыркы окуяларда жабыркаган үйлөрдү колдон келишинче бат бүтүргөнгө бардык күчтү жумшайбыз - деди президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигинде. 

Жаңы жылга чейин салынып бүткөнгө аракет кылынат. Казынада каражат жетиштүү. Андан сырткары, каза болгондордун баарынын жакындарына жардам берилет. Баары такталат. Балдарын кароосуз калтырбайбыз. Үйлөнбөй кеткендерге ата-энесине беребиз. Кыскасы баатыр балдарыбыздын эрдиги бааланбай калбайт - деген мамлекет башчысы.