Душмандын мизин кайтарганга күчүбүз жетет. Өзүбүз катылбайбыз, катылгандын катыгын беребиз. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде билдирген.
Анын айтуусунда, "итке минген» армиябыз эми «атка минип» турат. Бирок муну менен токтолуп калбайбыз. Коргонуу үчүн дагы күчтөп жатабыз - деген мамлекет башчысы. "Бул сөзүмдү күч органдарында иштегендер дагы тастыктап беришет. Чынын айтсам, былтыр апрелде Тажикстан кол салганда аскерлердин автоматтарынан башка эч нерсеси жок экен. Болгон танкалар да бир тетиги иштесе, экинчиси иштен чыккан. Бирок, бир жыл ичинде колдон келишинче күчтөдүм. Тамак-аштары эки эсеге көтөрүлдү. Акчабыздын жетишинче заманбап курал-жарактар менен камсыз кылдым. Азыр эми Кудайга шүгүр, күчтүү болуп калдык. Душмандын мизин кайтарганга күчүбүз жетет. Бирок муну менен токтолуп калбайбыз. Коргонуу үчүн дагы күчтөп жатабыз - деген президент.