Президент Садыр Жапаров, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин балдарын жакында кабыл алды. "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде анын уулу Рустам: «Ата, Алмазбек Атамбаевдин балдарын кабыл алып коюнузчу, суранып атышат.
Биз деле Атамбаевге кире албай канча чуркаганбыз. Биз алардын катасын кайталабай эле коелучу» деп, Атамбаевдин балдарын ээрчитип келгенин айтты. «Аа балам, сен да менден бетер боорукер экенсин да» деп, балдарын кабыл алдым. “Сот иштери бүтсүн, андан кийин менин укугум” дедим - дейт Жапаров. Президент белгилегендей, сот иштери бүткүчө мен кийлигише албайм. "Азыр чыгарып жиберүүгө укугум да жок. Кой-Таш окуясы боюнча сот иши бүткөндөн кийин гана менин чыгарууга укугум пайда болот" деген Садыр Жапаров. Мамлекет башчысы ошондой эле, саясий иш дегендердин баары ал бийлик башына келгенге чейин болгон иштер экенин айтып, "Асты 12 жыл, арты 3 жылдан ашкан иштер. Мен сотторго: “Күнөөлүүбү соттогула. Күнөөсү жокпу актагыла. Мурдагыдай сот иштерин Ак үй көзөмөлгө алып турат деген болбосун”, - деп дайыма айтып келем. Соттор ишин так аткарып жатышат.
Мисалы, кечээ жакында эле Октябрь окуясы, Калыс-Ордодогу мектеп, түрк жарандарына мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча Атамбаевди сот толук актап жиберди. Эмнеге муну көрбөйсүңөр. Соттоп жиберсе, анда дагы “саясий негизде соттоп жиберди” деп чыкмаксыңар. Актап жиберсе, бирөө дагы «адилет чечим болду» деп айтып чыккан жок. Калыс болуш керек да. 12 жылдан бери «Ош коогалаңы боюнча чекит коюп бергиле» деген элдин талабы бар. Прокуратура тергеп туруп, сотко жиберди. Сот чекитти койсун. Күнөөлүүлөр жазасын алсын, күнөөсүздөр акталып чыгышсын. Биз соттун ишине кийлигишпейбиз. Биз кийлигишпеген үчүн кечээки иштери боюнча акталышты" - деген Президент Садыр Жапаров.