Жаңылыктар
Түркияда бир жума "Манас" айтылат
Кыргызстан жаңылыктары
Түркияда бир жума "Манас" айтылат

Түркиянын Бурса шаарында кыргызстандык, казакстандык жана түркиялык 14 манасчы 21-сентябрдан баштап бир жума "Манас" айтышат.

Бир жума бою шаардын "Меринос" маданий паркында атайын тигилген боз үйлөрдө "Манас" айтылып, маданий иш-чаралар уюштурулат.

Шаршембиде бул иш-чаранын ачылыш аземине Түркиянын президентинин кеңешчиси Ялчын Топчу, ТҮРКСОЙ уюумунун баш катчысы Султан Раев жана Анкарадагы элчи Кубанычбек Өмүралиев катышты.

Түркиядагы "Манас жумалыгы" IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай уюштурулган. Көчмөндөр оюндары быйыл 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Изник шаарында өтөт.