Тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусунан жаракат алып, Улуттук госпиталда дарыланып жаткан 75 жарандын абалы канааттандырарлык. Бирок арасында реанимация бөлүмүндө жаткандар да бар.
Дарыгердин айтымында, баарына убагында операция жасалып, бейтаптардын саламаттыгы адистердин көзөмөлүндө.
Ал эми калган жабырлануучулар Улуттук хирургия борбору менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыланууда.