Президент Садыр Жапаровдун Нью-Йорк шаарына болгон иш сапары ийгиликтүү аяктады.
Саясат таануучулар мамлекет башчысынын БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында эң оболу чек ара маселесине токтолгонун кубатташууда.
Себеби, Президент тажик тараптын бардык макулдашууларга карабай куралдуу кол салганын дүйнөнүн 193 өлкөсү мүчө болгон уюмдун аянтчасында ачыктап берди.
Муну менен эл аралык коомчулук Тажикстандын өлкөлөрдүн суверендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, чек аралардын кол тийбестигин сактоо принциптеринен тайып жатканын түшүндү - дешет эксперттер.