Ошондой эле Жээнбек Кулубаев Түндүк Македониянын Тышкы иштер министри Буяр Османи менен жолугушту.
Тараптар 2023-жылы төрагалык Түндүк Македонияга өтө турган ЕККУнун алкагындагы өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүү маселелерине токтолушту. Кыргыз тарап ЕККУга мүчө-мамлекеттердин ортосунда конструктивдүү диалогду өнүктүрүү жана ишенимди калыбына келтирүү үчүн Түндүк Македониянын ЕККУга келечектеги төрагалыгынын артыкчылыктарын колдойт. Буга байланыштуу ал Кыргызстан Уюмдун мейкиндигинде коопсуздук жана кызматташтык маселелери боюнча катышуучу-мамлекеттердин тең укуктуу жана өз ара сыйлуу диалогу үчүн маанилүү көп тараптуу платформа катары карай турганын белгиленди.