Жаңылыктар
Кыргыз - андорра дипломаттары чек арадагы кырдаалды сүйлөшүштү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз - андорра дипломаттары чек арадагы кырдаалды сүйлөшүштү

Мындан сырткары Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Андорра Княздыгынын Тышкы иштер министри Мария Убах Фонт менен жолугушту. 

Тоо күн тартибиндеги маселелер, анын ичинде кыргыз тарап демилгелеген Тоолуу өлкөлөрдүн достору тобунун алкагында кызматташуунун келечеги жана бул күн тартибин аймактык жана дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүү боюнча биргелешкен пландар өзүнчө талкууланды. Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты. Жолугушуунун жүрүшүндө Кулубаев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берип, Кыргызстандын деэскалацияга умтулуусун жана мамлекеттер ортосундагы талаш-тартыштарды саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү боюнча өзгөрүүсүз багытын айтты.