Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Чехиянын Тышкы иштер министри Ян Липавский менен жолугушту.
Кулубаев маектешине кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берди. Ал белгилегендей, тажик тараптын мыйзамсыз аракеттери эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге каршы келген агрессивдүү жана туруксуздукка алып келген аракет. Ошону менен бирге, тышкы саясий ведомствонун башчысы Кыргызстандын өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштарды сүйлөшүү аркылуу тынчтык жолу менен чечүү боюнча өзгөрүлгүс позициясын айтты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кулубаев Кыргызстан менен Чехиянын ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ушуга байланыштуу тышкы иштер министри чех тараптын кароосуна маданият, спорт, туризм, билим берүү жана илим, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу боюнча макулдашуулардын долбоорлорун сунуштады. Тараптар эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү, учурда Чехия төрагалык кылып жаткан Кыргызстан менен Евробиримдиктин диалогунун алкагында кызматташууну активдештирүү боюнча биргелешкен пландарды талкуулашты.