Ички иштер министрлиги учурда интернетте чек арадагы кагылышуу тууралуу бурмаланган жана так эмес маалыматтар таратылып жатканын билдирет. Мындай орунсуз маалыматтардын кесепети өлкөдөгү кырдаалды курчутушу мүмкүн.
Буга байланыштуу, ИИМ жарандардан мамлекеттик органдардын ишенимдүү булактарына же комментарийлерине гана таянууну суранат. Социалдык тармактардын колдонуучуларына чыр-чатактын күчөп кетишине жана анын курчушуна жол бербөө үчүн терс комментарийлерден алыс болууну сунуштайт. Муну менен бирге жарандарга активдүү жарандык позициясы жана кырдаалды турукташтыруу маселелеринде көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.